Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

2010- жыл 7-апрель — эскерүү күнү жана сабактары (07.04.2025)

2025-жылдын 7-апрелинде Борбордук Азия колледжинин жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери 2010-жылдагы апрель окуяларынын жылдыгына карата уюштурулган эскерүү иш-чарасына катышышты.

Колледждин директору Агабеков А.Т., окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Наркулова Н.Н., ошондой эле дене тарбия сабагынын окутуучулары Карагулов Б.Т., Кучербаев К. жана Суранов Э.Т., ошондой эле окуу жайдын 030503 «Укук таануу» адистигинин 1-курс студенттери 2010-жылдагы апрель окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышышты. Иш-чаранын алкагында алар ошол тарыхый окуяларда курман болгон Майлуу-Суу шаарынын тургуну Бостонкулов Макстан Өзгөрүшевичтин эстелигине барып, анын эл үчүн жасаган эрдигин терең урматтоо менен гүл коюп, бир мүнөттүк үнсүз туруу аркылуу анын жаркын элесин эскеришти.

Бул маанилүү күнгө карата марафон жарышы да уюштурулду. Иш-чарада окутуучулар жана студенттер активдүү катышып, жыйынтыгында улуулардын арасында дене тарбия окутуучусу Кучербаев К. 1-орунду, ал эми жаштар арасында 3-орунду 1-курсундагы 11П тайпасынын студенти Махкомов Нурлан ээледи.

Мындай иш-чаралар жаштардын мекенчилдик сезимин күчөтүп, тарыхты унутпай, эркиндик үчүн курман болгондордун эрдигин баалоого чоң салым кошот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *