Центрально-Азиатский Колледж Новости Борбордук Азия колледжи «Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун — коопсуз келечек» атту форумуна катышты (18.04.2025)

Борбордук Азия колледжи «Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун — коопсуз келечек» атту форумуна катышты (18.04.2025)

Борбордук Азия колледжи «Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун — коопсуз келечек» атту форумуна катышты (18.04.2025) post thumbnail image

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Ниязов Улан Омокановичтин демилгеси, ошондой эле 2022–2028-жылдарга карата Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу концепциясы жана 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган Улуттук иш-чаралар планынын алкагында өлкөбүздүн бардык облустарында, райондорунда жана шаарларында «Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз келечек» аттуу форумдар өтүп жатат.

Ушул демилгени колдоо жана аны ишке ашыруу максатында Майлуу-Суу шаарынын ички иштер бөлүмү 2025-жылдын 18-апрелинде Майлуу-Суу шаарынын маданият үйүндө форум өткөрдү.

Иш-чарага Майлуу-Суу шаарындагы мектептердин жетекчилиги, окутуучулары, колледждердин студенттери жана жаш активисттер катышып, жалпысынан 500гө жакын адам чогулду.

 

Форумга Борбордук Азия колледжинин директору А.Т. Агабеков, администрация мүчөлөрү жана 100гө жакын студент катышышты. Конференциянын жүрүшүндө колледждин директору А.Т. Агабеков сөз сүйлөп, жаштарды кылмыштуулуктан, укук бузуулардан жана зордук-зомбулуктан алыс болууга чакырды.

Конференциянын алкагында колледждин студенттери жаштар арасындагы кылмыштуулуктун себептери жана кесепеттери боюнча атайын сценка көрсөтүштү. Мындан тышкары, флешмоб уюштурулуп, катышуучуларга таасирдүү чакырыктар айтылды.

 

Иш-чаранын соңунда активдүү катышкан студенттерге жана уюштуруучуларга ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан ыраазычылык билдирилип, сыйлыктар тапшырылды. Форум жаштарды укуктук маданиятка үндөөдө, жоопкерчиликтүү болууга, өз ара сый-урмат мамиле түзүүгө чакырууда маанилүү кадамдардын бири болуп калды.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Борбордук Азия колледжинде «Аталар сөзү — акылдын көзү» аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү (14.03.2025ж).Борбордук Азия колледжинде «Аталар сөзү — акылдын көзү» аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү (14.03.2025ж).

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министрилигинин 2025- жылдын 5- мартындагы «Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүңдөгү» №245/1 буйругунун аткаруу максатында 2025- жылдын 14-мартында окуу жайдын чакан

Центрально-Азиатский колледж: Лидер в международной олимпиаде по обществознанию! (11.12.2024)Центрально-Азиатский колледж: Лидер в международной олимпиаде по обществознанию! (11.12.2024)

11 декабря 2024 года Центрально-Азиатский колледж (ЦАК) вновь продемонстрировал высокий уровень подготовки своих студентов, став лидером в международной олимпиаде по обществознанию среди высших учебных заведений, а именно по политологии, философии, социологии

Администрация ЦАК приняла участие на туристическом форуме «Развитие Майлуу-Суу через устойчивый туризм» «Возрождение забытых городов» (17.10.2025г.)Администрация ЦАК приняла участие на туристическом форуме «Развитие Майлуу-Суу через устойчивый туризм» «Возрождение забытых городов» (17.10.2025г.)

С 15 по 17 октября 2025 года в городе Майлуу-Суу Джалал-Абадской области Кыргызской Республики состоялся Туристический форум «Развитие Майлуу-Суу через устойчивый туризм» – «Возрождение забытых городов». Форум был организован мэрией