Центрально-Азиатский Колледж Новости Борбордук Азия колледжинде “Мен Манастын урпагымын” аттуу жаш манасчылар сынагы өттү (18.03.2025-20.03.2025)

Борбордук Азия колледжинде “Мен Манастын урпагымын” аттуу жаш манасчылар сынагы өттү (18.03.2025-20.03.2025)

Борбордук Азия колледжинде “Мен Манастын урпагымын” аттуу жаш манасчылар сынагы өттү (18.03.2025-20.03.2025) post thumbnail image

2025-жылдын 18-мартынан 20-мартына чейин Борбордук Азия колледжинин студенттери арасында “Мен Манастын урпагымын” аттуу жаш манасчылар сынагы болуп өттү. Бул сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек») ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу” боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 11-январындагы №23-3/61 тапшырма катынын негизинде уюштурулду.

Кароо-сынакка жалпы он сегиз команда катышты. Сынактын калыстары болуп Майлуу-Суу шаарындагы мектептердин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдери чакырылды. Сынактын жүрүшүндө студенттер мыкты даярдыктарын көрсөтүшүп, «Манас» эпосун Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча айтып беришти.

Сынактын жыйынтыгында эң мыкты көрсөткүчтү көрсөтүп, биринчи орунду биринчи курстун 11-ПНК тайпасынын студенттеринен түзүлгөн “Манас Руху” командасы ээледи. Экинчи орунду биринчи курстун 11-КС тайпасынын студенттеринен түзүлгөн “Жаш Айдар” командасы ээледи. Ал эми үчүнчү орунду үчүнчү курстун 31-БД тайпасынын студенттеринен түзүлгөн “Бакай” командасы ээледи.

Жеңүүчүлөргө окуу жайдын администрациясы тарабынан дипломдор жана белектер тапшырылды.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Баткен согушунда катышкан жоокерлердин эрдиги түбөлүк биздин эсибизде (18.09.2024)Баткен согушунда катышкан жоокерлердин эрдиги түбөлүк биздин эсибизде (18.09.2024)

Борбордук Азия колледжинин 3- курсундагы 31/32П «Укук таануу» тайпасынын студенттери жана окуу жайдын Директору А.Т. Агабеков, окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Н.Н. Наркулова жана «Укук жана педагогика»

Дуалдык окутуунун өзгөчөлүктөрү (15.11.2024ж).Дуалдык окутуунун өзгөчөлүктөрү (15.11.2024ж).

БАКта билим берүү тармагындагы санариптештирүү жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүү камсыз кылуу максатында 050709 “Башталгыч класстарда окутуу”  адистигинин 2 курсунун  21ПНК, 22ПНК тайпаларынын студентери 15-ноябрдан  баштап,  Дуалдык окутуу системасына өтүштү.