Борбордук Азия колледжинин студенттери Майлуу-Суу шаарынын Прокуратурасынын демилгеси менен Майлуу-Суу шаарынын Маданият үйүндө уюштурулган «Зомбулукка каршы — биз бирге! Жарык келечек — билимде» аттуу форумга активдүү катышышты (03.10.2025ж).
Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасынын демилгеси менен уюштурулган «Зомбулукка каршы — биз бирге! Жарык келечек — билимде» аттуу үч күндүк форум шаардагы Маданият үйүндө өттү. Форумга Борбордук Азия колледжинин директору А.Т. Агабеков, окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Н.Н. Наркулова жана 30 студент катышты.
Иш-чарада Борбордук Азия колледжинин студенттери активдүү катышып, «Зомбулукка каршы — биз бирге! Жарык келечек — билимде» аттуу сахналык көрүнүш көрсөтүштү. Алардын аткаруусундагы бул көрүнүш коомдогу зомбулуктун алдын алуу жана жаштарды билимге, адептүүлүккө чакыруу идеясын чагылдырып, көрүүчүлөргө терең таасир калтырды. Ошондой эле студенттер кыргыз улуттук бийин, грузин элинин бийин жана италиялык бийди тартуулап, форумдун маданий бөлүгүн көркөмдөп, байытышты.
Иш-чаранын аягында катышкан студенттерге белектер тапшырылды. Ошондой эле Борбордук Азия колледжинин социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Уранбек кызы Албинага анын салымы жана жигердүү катышуусу үчүн ыраазычылык кат берилди.