Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский колледж

Ebilim

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

Борбордук Азия колледжинин студенттери менен Майлуу-Суу шаарынын ички иштер бөүмүнүн кызматкерлери «Жаштар арасындагы укук бузуулардын алдын алуужана коопсуздук жүрүм-турум маданияты» аттуу темада жолугушуусу өттүү (07.11.2025ж.).

2025-жылдын 7-ноябрында Борбордук Азия колледжинин студенттери менен Майлуу-Суу шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга 72 студент катышышты. Иш-чарага ЖЖЭИнин улук аймактык тескөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Каратаева Айчолпон Сираждиновна, Майлуу-Суу ШИИбдин башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Калбаев Курсантбек Макамбаевич жана Майлуу-Суу шаарынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, милициянын капитаны Нарматов Нурсултан Базарбаевич катышып, студенттерге түшүндүрүү-профилактикалык маалымат беришти.

Жолугушууда жаштар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, баңгизаттарды колдонуу жана жайылтуу менен байланышкан жоопкерчилик, рекет, үй-бүлөлүк зомбулук, түнкү тартипти бузуу фактылары, ошондой эле Майлуу-Суу шаарынын жаштары арасында көп кездешүүчү башка укук бузуулардын түрлөрү боюнча кенен түшүндүрмөлөр айтылды.

Иш-чара студенттердин укуктук маданиятын жогорулатууга, коопсуз жүрүм-турум боюнча маалымдуулугун күчөтүүгө жана терс көрүнүштөрдөн алыс болууга багытталды. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар кызыктырган суроолоруна так жана кеңири жооп ала алышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *