Борбордук Азия колледжинин студенттери жана окутуучулары «КРдин Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында түшүндүрүү иштерине катышышты (25.11.2025ж).
2025-жылдын 25-ноябрында Борбордук Азия колледжинин студенттери жана окутуучулары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» жөнүндөгү Жарлыгын жайылтуу максатында өткөрүлгөн иш-чарага катышышты
Иш-чара Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 2024-жылдын 18-ноябрындагы №01-15-62-сандуу катынын негизинде шаардык Маданият үйүндө уюштурулду. Жыйында жергиликтүү тургундарга Президенттик Жарлыктын мазмуну жана анын мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди.
Колледж өкүлдөрүнүн мындай иш-чараларга активдүү катышуусу студенттерде жарандык жоопкерчиликти, мекенчилдик баалуулуктарды жана коомдук турмушка болгон кызыгууну арттырууга көмөк көрсөтөт.