2025-жылдын 26-ноябрында Борбордук Азия колледжи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №89-т тескемесине ылайык жүргүзүлүп жаткан «Жашыл мурас» улуттук кампаниясын улантуу максатында Майлуу-Суу шаарынын Кой-Таш участкасында массалык түрдө жаңгак көчөттөрүн отургузуу иштерин ийгиликтүү өткөрдү.
Иш-чаранын негизги максаты — бул аймакта жаралышы мүмкүн болгон жер көчкүнүн алдын алуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана жашыл фондду көбөйтүү болду. Отургузуу ишине колледждин студенттери жана окутуучулары активдүү катышып, экологиялык коопсуздукка өз салымдарын кошушту.
Борбордук Азия колледжи мындан ары да ушул сыяктуу экологиялык багыттагы иш-чараларды колдоого ар дайым даяр.