Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

«Академиялык мобилдүүлүк» — билим сапатын бирге өнүктүрүүнүн жолу 12.10.2023

Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында окутуучунун педагогикалык тажырыйбасын алмаштыруу жана студенттердин билим сапатын жогорлатуу максатында Бишкектеги А. Токтоналиев атындагы финансы-экономикалык техникумуна барышты. Ал жерде Мирфазиева Г.А., Маслова Н.Г, Султангазиева М.Б. БАКтын студенттери үчүн ачык сабактарды өткөрүштү. Буга катарлаш БАКтын окутуучусу Эгемназарова Г.Ж БФЭТтин Мк 2-22 тайпасына Кыргыз тили сабагын өткөрдү. Эки окуу жайдын ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишими кайрадан жаңыланып, эки тараптуу макылдашуу боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду. Андан сырткары 2023-2024-окуу жылына карата билим берүүнүн сапатын жогорлатуу максатында студенттик олимпиадаларды жана спорттук мелдештерди уюштуруу маселеси каралды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *