Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

Академиалык мобилдүүлүк — жашоодо ийгиликке жетишүү 18.10.2023

photo_5366471206271832587_y

2023-2024-окуу жылында түзүлгөн эки жактуу «ички мобилдүүлүк» боюнча түзүлгөн келишимдин алкагында БАКтын 1-курсунун 12 студенти жана Бухгалтердик эсеп жана  Салык жана салык салуу адистигинин 2-курсунун 2 студенти   менен бирге Кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу Эгемназарова Г.Ж студенттердин билим сапатын жогорулатуу жана педагогикалык тажырыйба алмашуу максатында  Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжине барып келишти. БАКтын 1-курсунун студенттерине Кыргыз тили жана адабияты сабагынын  окутуучусу Мыктыбек кызы Бактыгүл жана Матиматика сабагынын окутуучусу Дербишова Гульнара Асангазиевналар окутуунун активдүү усулдарын колдонушуп сабак өтүштү. Өткөрүлгөн ачык сабактарда   сабакты актуалдаштыруунун сапатына чоң көңүл бурушту. Окутуучулардын билим берүү ишмердигинин активдүүлүгү жана окутуу каражаттарынын колдонулушу, темалар боюнча мисалдардын  далилдүү келтириши  сабактын эффективдүүлүгүн жогорулатты. Андан сырткары Т.Эрматов атындагы Бишкек  музыкалык-педагогикалык колледжинин окуу бөлүм башчысы Акматова Рахат Исмаиловнанын жетекчилиги астында студенттердин концерттик номерлери жандуу үн менен аткарылып, студенттерге эстетикалык тарбия берилди. Ал эми БАКтын Кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу Эгемназарова Г.Ж Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин Башталгыч класстарда окутуу адистигинин  БКк 23-93-3 тайпасына Кыргыз тилинен ачык сабак өттү. Андан ары 2023-2024-окуу жылына карата студенттердин билиминдерин тереңдетүү өркүндөтүү максатында предметтер аралык олимпиада уюштуруу плагдаштырылды. жана 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *