Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

Академиялык мобилдүүлүк — ишмердүүлүктүн жаңы өнөктөшү 23.10.2023

2023-2024-окуу жылында И.Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Бишкек-техникалык колледжи менен Борбордук Азия колледжи  Академиялык  мобилдүүлүк келишимине эки тараптуу кол коюлду. Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында  БАКтын  бардык адистигиндеги 1-курсунун 12 студенти, Кыргыз тили жана адабияты  сабагынын окутуучусу Эгемназарова Г.Ж  жана БАКтын окуу бөлүмүнүн башчысы Наркулова Н.Н. студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга,  теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн өстүрүү максатында  барышып,  окуп келишти. БАКтын 1-курсунун студенттерине Калмырзаев Ишенбай Тилекбаевич жана  Орус тили жана адабияты сабагынын окутуучусу  Маймерова Гулдарика Абдурасуловналар  ачык сабак өткөрүштү. Анда сабактын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында сабактын активдүү усулдарын колдонуу менен  студенттердин өз алдынча иштөөсүнө жана   ой жүгүртүүсүнө түрткү беришти. Сабакта видео көрсөтүүлөр  жана аудио уктуруулар колдонулду. Бишкек техникалык колледжинин 102-3- ПКС тайпасына педагогикалык тажырыйба алмашуу максатында  Кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучсу Эгемназарова Г.Ж сабак өттү. БАКтын окуу бөүмүнүн башчысы Наркулова Н.Н жана БТКнын окуу бөлүмүнүн башчысы Садыкбаев Нурлан Токонович, усулкана башчысы Елфимова Марина Ивановналар менен окуу иштеринин жана  модулдук- рейтингдик системанын жүрүшү боюнча тажырыйба алмашылды. Студенттердин арасында ынтымактыкты жана достукту чыңдоо максатында спорттук оюндарды уюштуруу иши 2023-2024-окуу жылынын II жарым жылдыгына  пландаштырылды. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *