Центрально-Азиатский Колледж Новости Бабалардын мурасы БАКтын студенттеринде (20.11.2023)

Бабалардын мурасы БАКтын студенттеринде (20.11.2023)

Бабалардын мурасы БАКтын студенттеринде (20.11.2023) post thumbnail image

Майлуу-Суу шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2023-жылдын 2-ноябрындагы №814 ”Атай Огонбаев, Муса Баетов, Шекербек Шеркулов жана Калмурат Нурдөөлөт  уулунун 120 жылдык мааракелерине арналган ырчы – аткаруучулар, комузчулар арасындагы Республикалык кароо-сынагын өткөрүү”  жөнүндөгу буйругуна ылайык  I туру    2023-жылдын 20-ноябрында  Майлуу-Суу шаардык маданият үйүндө өткөрүлдү.

Аталган кароо-сынакка Борбордук Азия колледжинин атынан 2-курсунун  21П тайпасынын студенти Малабекова Нурзада Айбековна “ Маш ботой”, “Саадак какты” күүсүн жана 1-курсунун 11НиН тайпасынан студенти Абдибекова Каныкей Смадыяровна “ Маш ботой” жана “Жаштар маршы” күүлөрүн чертип катышышты.

Майлуу-Суу шаардык маданият үйүндө өткөрүлгөн  кароо-сынактын 1-турунда БАКтын 2-курсунун 21П тайпасынын студенти Малабекова Нурзада Айбековна “ Маш ботой” жана “Саадак какты” күүлөрүн “мыкты” аткарып 1-орунду жеңип алгандыгы  үчүн Диплом менен сыйланды.

Ал эми 1-курсунун 11НиН тайпасынан студенти Абдибекова Каныкей Смадыяровна “ Маш ботой” жана “Жаштар маршы” күүлөрү менен 3-орунду жеңип алып, диплом менен смыйланды.

photo_5402145054308552375_y

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Борбордук Азия колледжинде “Мен Манастын урпагымын” аттуу жаш манасчылар сынагы өттү (18.03.2025-20.03.2025)Борбордук Азия колледжинде “Мен Манастын урпагымын” аттуу жаш манасчылар сынагы өттү (18.03.2025-20.03.2025)

2025-жылдын 18-мартынан 20-мартына чейин Борбордук Азия колледжинин студенттери арасында “Мен Манастын урпагымын” аттуу жаш манасчылар сынагы болуп өттү. Бул сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы –

Борбордук Азия колледжинде «Бүгүнкү кыздар — эртеңки коомдун түзүүчүлөрү» аттуу темада жолугушуу өткөрүлдү (11.10.2024)Борбордук Азия колледжинде «Бүгүнкү кыздар — эртеңки коомдун түзүүчүлөрү» аттуу темада жолугушуу өткөрүлдү (11.10.2024)

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жана Билим берүү жана илим министрликтеринин тапшырмаларын, Майлуу-Суу шаарынын коллегиясынын отурумдарынын «Жаш өспүрүм балдар арасында кылмыштуулукту, зордук зомбулукту, укук бузууларды жана суицидтин алдын алуу» боюнча Токтомдорун