Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

Бабалардын мурасы БАКтын студенттеринде (20.11.2023)

Майлуу-Суу шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2023-жылдын 2-ноябрындагы №814 ”Атай Огонбаев, Муса Баетов, Шекербек Шеркулов жана Калмурат Нурдөөлөт  уулунун 120 жылдык мааракелерине арналган ырчы – аткаруучулар, комузчулар арасындагы Республикалык кароо-сынагын өткөрүү”  жөнүндөгу буйругуна ылайык  I туру    2023-жылдын 20-ноябрында  Майлуу-Суу шаардык маданият үйүндө өткөрүлдү.

Аталган кароо-сынакка Борбордук Азия колледжинин атынан 2-курсунун  21П тайпасынын студенти Малабекова Нурзада Айбековна “ Маш ботой”, “Саадак какты” күүсүн жана 1-курсунун 11НиН тайпасынан студенти Абдибекова Каныкей Смадыяровна “ Маш ботой” жана “Жаштар маршы” күүлөрүн чертип катышышты.

Майлуу-Суу шаардык маданият үйүндө өткөрүлгөн  кароо-сынактын 1-турунда БАКтын 2-курсунун 21П тайпасынын студенти Малабекова Нурзада Айбековна “ Маш ботой” жана “Саадак какты” күүлөрүн “мыкты” аткарып 1-орунду жеңип алгандыгы  үчүн Диплом менен сыйланды.

Ал эми 1-курсунун 11НиН тайпасынан студенти Абдибекова Каныкей Смадыяровна “ Маш ботой” жана “Жаштар маршы” күүлөрү менен 3-орунду жеңип алып, диплом менен смыйланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *