Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

Академиялык мобилдүүлүк – кызматташуунун ийгиликтүү жолу (16.10.2023)

2023-2024-окуу жылында Борбордук Азия колледжи К.Көлбаев атындагы Бишкек автомомобиль жол  колледжи менен  эки тараптуу  Академиялык мобилдүүлүк боюнча “ички келишим”  түзүлдү.

 Түзүлгөн  келишимдин негизинде Борбордук Азия колледжинин 1-курсунун  студенттери жана Кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу Эгемназарова Г.Ж.  студенттердин теориялык билим деңгээлин жогорулатуу жана педагогикалык тажрыйба алмашуу максатында барып окуп келишти.

БАКтын 1-курсунун студенттерине Кыргыз адабияты сабагынын окутуучусу Жрупбекова Жамиля Ашимбековна  окутуунун жаңы технологияларын  колдонуу менен студенттердин ой жүгүртүүсүн ар тараптан өстүрүү жана калыптандыруу максатында сабак өттү.

 Анда студентердин активдүүлүгүн жана алардын окууга болгон жоопкерчилигин арттыруу максатында  интерактивдүү оюндарды колдонуу  аркылуу сабактын эффективдүүлүгү жогорулатты.

Ал эми БАКтын Кыргыз тили жана адабияты сабагынын  окутуучусу Эгемназарова Г.Ж Бишкек  автомомобиль жол колледжинин 1-курсунун А-9-I-23 тайпасына Кыргыз тили сабагынан  ачык сабак өттү.

 Окутуучу сабакта студенттердин  билимди өздөштүрүүсүн активдештирип, окуу процессинде студенттер менен мугалимдин ортосундагы педагогикалык кызматташтыкты  жогорулатуу менен алардын инсандык сапаттарын өнүктүрүүгө жетишти. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *