Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

“АКАДЕМИЯЛЫК ОКУУ-ЗАМАН ТАЛАБЫ” (20.12.2023)

2023-жылдын 20-декабрында Борбордук Азия колледжи Ош Мунун Финансы-юридикалык колледжи менен Академиялык  мобилдүүлүк жана өз ара кызматташтык  боюнча эки тараптуу түзүлгөн келишимге кол коюлду.

Түзүлгөн келишимдин негизинде Академиялык  мобилдүүлүк  прграммасын ишке ашыруу максатында  Финансы-юридикалык  колледжинине БАКтын Укук таануу адистигинен  21/22 П жана 31/32П тайпасынан 20 студент барышты.

БАКтын Укук таануу адистигинин студенттерине  ФЮКтун төмөнкү окутуучулары  Х.К. Мавлянова, М.К. Мамытов, Ш.А. Алтынбекова Акдемиялык мобилдүүлүк кызматташтыгы боюнча уюштурулган конок лекцияларын  окушуп, студенттерге кызыктуу фактыларды келтиришип, сабактын эффективдүүлүгүн  жогорулатышты.

БАКтын Банк иши адистигинин окутуучусу Наркулова Н.Н. ФЮКтун Бухгалтердик эсеп  адистигинин 2-курсунун студенттерине “Бухгалтердик эсептер” аталыштагы темада  ачык сабак өтүп, окутуучулар да катышышты.

ОшМунун Финансы-экономикалык колледжинин директору  Исаков Нургазы  Жолболдуевич БАКтын окутуучуларына терең  ыраазылык билдирүү менен Г.Ж. Эгемназарова, Н.Н. Наркулова, К.К Каленовдор 2023-жылдын 20-декабрь күнү ОшМУнун Финансы-юридикалык  колледжинде конок лекциясын өткөргөндүгү үчүн СЕРТИФИКАТ тапшырылды.

Студенттердин арасында ынтымактыкты, достукту жана билимдерин чыңдоо  максатында  адистиктер  боюнча олимпиадаларды уюштуруу пландаштырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *