Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

“Студент жана мобилдик окутуу” (20.12.2023)

2023-жылдын 20-декабрында Борбордук Азия колледжи Ош Мунун индустриалдык-педагогикалык колледжи менен Академиялык мобилдүүлүк жана өз ара кызматташтык  боюнча эки тараптуу түзүлгөн келишимге кол коюлду.

Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында  БАКтын  “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин 2/3-курсунун 16 студенти, Индустриялдык-педагогикалык колледжине өз билимдерин жогорулатууга, теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн чыңдоо максатында барышты.

БАКтын “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин окутуучусу Эгемназарова Г.Ж. ИПКнын Кк-1-23 тайпасына “Лексика жөнүндө жалпы түшүнүк” аттуу темада конок  лекциясын окуп, студенттердин алган билимдерин бекемдеп, окутуунун репрадуктивдүү  усулдарынын негизинде конок лекциясын өткөрдү.

Ал эми БАКтын 2/3-курсунун студенттерине Эне тили  сабагынан Мамасыдыков Айбек “Сан атоочтун маанисине карай бөлүнүшү”, Педагогика сабагынан Кожоева Каныкей Маматовна “Педагогикалык процессти уюштуруу” деген темаларда конок лекцияларында окутуунун активдүү усулдарын колдонуу менен студенттердин өз алдынча иштөөлөрү үчүн кызыктуу оюн сабактарды өткөрүштү.

Сабактын темаларына ылайыктуу презентациялар, видео көрсөтүүлөр жана аудио уктуруулар колдонулду.

Студенттердин арасында ынтымактыкты жана достукту чыңдоо максатында алдистик боюнча олимпиадаларды уюштуруу иши 2024/2025-окуу жылына пландаштырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *