Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

«Укук коргоочулар студенттер менен тыгыз байланышта» (21.02.2024)

2024-жылдын 21-февралында Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковнини Сабырканов Т. А.  жана ал жетектеген милиция кызматкерлери БАКтын 2-курсундагы “Укук таануу” жана “Банк иши” адистиктеринин студенттери менен биргеликте 21-февраль-Эл аралык эне тил  күнүн  салтанаттуу түрдө майрамдашты. Майрамдык салтанатка  Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковнини Сабырканов Т. А. жана милиция кызматкерлери келишти. Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковнини Сабырканов Т. А.  улуттардын эне тилин сактоо жана коргоо – азыркы мезгилдин актуалдуу көйгөйү экендигин жана Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө,  алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу  максатында докладдарын окушту. Ал эми “Компьютердик системалар  жана комплекстер”  адистигинин  2-курсундагы  21/22 КС тайпасынын студенти Бурцева А. Чет тили адистигинин 2-курсундагы 21/22 ИЯ тайпасынын студенттери Убайдиллаева А, Калдарова С. Укук таануу адистигинин 1-курсунун студенттери Исаков Т,  Джумагулов К. өзбек, кыргыз, орус, түркмөн, англис, кытай  тилдеринде куттуктоолорун  айтышып, улуттук бийлерин бийлешти.

БАКтын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү  боюнча директордун орун басары Эгемназарова Г.Ж.  “Ар бир тил өзүнчө кайталангыс улуу мурас, интеллектуалдык байлык. Ошондуктан, адамзат өз эне тилинен  ажыраган сайын улуу мурастарынан ажырайт. Ар бир улут өз тилибизди, маданиятыбызды, каада-салтыбызды, үрп-адаттарыбызды, улуттук намысыбызды коргоого өз салымыбызды кошолу” – деген ой-пикирлерин айтты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *