Центрально-Азиатский Колледж Новости «Кана эмесе жигиттер БАК – 2024» (17.02.2024)

«Кана эмесе жигиттер БАК – 2024» (17.02.2024)

«Кана эмесе жигиттер БАК – 2024» (17.02.2024) post thumbnail image

2024-жылдын 17-февралында Борбордук Азия колледжинин тайпалар арасында 23-февраль “Ата-мекенди коргоочулар күнүнө” карата “Кана эмесе, жигиттер БАК — 2024” кароо сынагы өткөрүлдү. Кароо сынакка жалпысынан 150 студент катышты. Кароо сынактын негизги максаты жаш муунду, студенттерди Ата-мекенди сүйүүгө жана патриоттуулукка тарбиялоо, аскерге даярдоо.

Кароо сынактын биринчи бөлүгүндө — студенттер аскерге чейинки даярдык боюнча машыгууларды көрсөтүштү. Экинчи бөлүгүндө – курал менен иштөө, аны чачуу жана чогутуу, куралдан атуу, тайпалардын капитандарынын “отбой – подъём” жана аскердик погондорду билүү сынактары өткөрүлдү. Үчүнчү бөлүгүндө – спорттук жарышуу болду.

Кароо сынакта жеке төмөндөгү студенттер наамдарын ээлешти: “Эң мыкты аткыч” наамына БАКтын 3-курсундагы 31/32БД тайпасынын студенти Асанбаев Максат татыктуу болду; “Мыкты капитан” наамына 3-курсунун 31/32П тайпасынын студенти Гайбердиев Исламбек татыктуу болду; “Эң мыкты аскердик погондорду билген” наамына 3-курсундагы 31/32КС тайпасынын студенти Абдибеков Умар татыктуу болду; “Эң мыкты аксердик куралды чачуу жана чогуту” 3-курсунун 31/32ФК тайпасынын студенти Тажибаев Айтилек татыктуу болду.

Жалпысынан кароо сынактын жыйынтыгы боюнча 1-орунду 3-курсундагы 31/32П тайпасынын студенттеринен куралган “Эр-Манас” командасы алды. Ал эми 2-орунду 3-курсундагы 31/32БД тайпасынын студенттеринен куралган “Скорпион 3” командасы алды. 3-орунду 1-курсундагы 11БД,БУ,НиН тайпасынын студенттеринен куралган “Патриот” командасы алды.

Кароо сынакта өзгөчөлөнгөн студенттер жана 1-курсундагы студенттерди даярдоого көмөк көрсөткөн 3-курсундагы 31/32КС тайпасынын студенти Авазбеков Иманбек жана 31/32БД тайпасынын студенти Абдуллаев Отабек администрация тарабынан Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыланышты.

Кароо сынакта 1-, 2- жана 3- орундарды ээлеген тайпалар БАКтын 1-, 2- жана 3- даражадагы Дипломдору менен жана акчалай сыйлыктарын алышты.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Почетная грамота Министерство образования и науки КРПочетная грамота Министерство образования и науки КР

Главный бухгалтер Центрально-Азиатского колледжа Абдуллаева Гульмира Капаровна удостоена Почетной Грамотой МОиН КР, за многолетний плодотворный труд в сфере образования и существенный вклад в воспитании молодого поколения.

Жашы жете элек жарандардын укуктук жоопкерчилиги: студенттер эмнени билиши керек? (19.02.2025)Жашы жете элек жарандардын укуктук жоопкерчилиги: студенттер эмнени билиши керек? (19.02.2025)

2025-жылдын 19-февралы күнү Центрально-Азиялык колледждин администрациясынын демилгеси менен Майлуу-Суу шаарынын ГОВДсынын начальниги, милициянын подполковниги Талантбек Абылкасымович Сабырканов менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга 1-курстун 105 студенти жана колледждин окутуучулары катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө

Борбордук Азия колледжи «Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун — коопсуз келечек» атту форумуна катышты (18.04.2025)Борбордук Азия колледжи «Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун — коопсуз келечек» атту форумуна катышты (18.04.2025)

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Ниязов Улан Омокановичтин демилгеси, ошондой эле 2022–2028-жылдарга карата Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу концепциясы жана 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган Улуттук иш-чаралар планынын