Центрально-Азиатский Колледж Новости «АНГЛИС ТИЛИ — ЭЛ АРАЛЫК БААРЛАШУУНУН ТИЛИ» (29.02.2024)

«АНГЛИС ТИЛИ — ЭЛ АРАЛЫК БААРЛАШУУНУН ТИЛИ» (29.02.2024)

«АНГЛИС ТИЛИ — ЭЛ АРАЛЫК БААРЛАШУУНУН ТИЛИ» (29.02.2024) post thumbnail image

2024 – жылдын 29 – февралында  БАКтын Англис тили сабагынын  окутуучусу Каленов К.К. 11-4 (11ПНК,11ФК,11ПД, 11ИЯ) тайпаларына “Предлоги”,  “ Оборот. There is … There are” – деген темада ачык саат өткөрдү. Сабакта студенттер өз алдынча иштешип, мурдагы алган билимдерди бекемдешти. Окутуунун активдүү усулдары  колдонулуп, кызыктуу оюндар ойнолуп, жаңы темага мисалдар келтирилди.

Окутуучунун билим берүү ишкердигинин активдүүлүгүндө  кызыктуу окуялардын, фактылардын колдонулушу студенттердин сабакка болгон кызыгуусун арттырды. Сабак учурунда сүрөттөр, схемалар, плакаттар, кинофрагменттер, аудио уктуруулар, видео көрсөтүүлөр колдонулду. Окутуучу жаңы  теманы  жеткиликтүү түшүндүрүп, студенттер өз алдынча иштешти. Студенттер өтүлгөн темалар  менен жаңы теманын байланышына көңүл бурушту. Жаңы теманын мазмунуна жараша интерактивдүү методдордун  колдонулушунда сабактын милдети жана максаты туура тандалган. Сабактын тарбия берүүчүлүк этабында жаратылышты коргоо жөнүндө видео-ролик көрсөтүлдү. Сабак учурунда студенттердин англис тилинде  сүйлөө кебинин сапатын, дикциясын,  эмоциясын өстүрүү максатында көнүгүүлөр  иштелди.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Студенты ЦАК активно поддержали акцию «Жоопту бол» (26.02.2025)Студенты ЦАК активно поддержали акцию «Жоопту бол» (26.02.2025)

Студенты Центрально-Азиатского колледжа в период с 1 по 28 февраля 2025 года приняли участие в месячной акции «Жоопту бол», направленной на заботу о здоровье. В рамках инициативы был проведён профилактический