Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

“Ак калпак Ала-Тоонун символу” (05.03.2024)

2024-жылдын 5-мартында БАКтын 2-курсунун Укук таануу адистигинин 21/22 П тайпасына “Улут жүзү ак калпак “ аттуу темада тарбиялык саат өткөрүлдү. Анда кыргыз элинин сыймыгы болгон ак калпактын келип чыгуу тарыхы, түрлөрү анын жасалышы жөнүндө маалымат берилди. Студенттер калпактын азыркы учурдагы баалулуугу, кандай иш-чараларда колдонулушу, жаш курагына карата түрдүү калпактарды кийүүсү жөнүндө өздөрүнүн ойлорун айтышты.

Ак калпак байыртадан  келген кыргыз мырзаларынын улуттук баш кийими, ата-бабалардан келе жаткан мурасы  болуп  саналып, өзүнө терең философияны камтыгандыгы, формасы жөнүндө докладдар окулду. Оймо-чиймелери ар түрдүү болуп, кыргыздын каада-салтынын баяндалышы, калпактын ардактуу, кадырлуу адамдарга белекке берилиши жөнүндө чакан видеороликтер көрсөтүлдү. Тарбиялык саат учурунда “Ак калпак Ала-Тоонун символу” аттуу темада видеоролик коюлду. Студенттер өздөрүнүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *