Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

УЛУТТУК НАРК — УЛУТТУН ЖҮЗҮ «14.05.2024»

14-май.  2024-жыл.

Борбордук Азия колледжинде өткөрүлгөн “Улуттук  нарк — улуттун жүзү” аттуу темада  маданий иш-чара өткөрүлдү. Иш – чарага  Майлуу -Суу шаарынын аялдар кеңешинин төрайымы, КРнын ардактуу айымы, эмгек сиңирген мугалими  Умарова М.К. Майлуу-Суу шаарынын аялдар кеңешинин мүчөсү Жанышова Р.С. Майлуу-Суу шаарынын баш имам хадиби Эркинбеков А. ажынын катышуусуусунда өткөрүлүп, окуу жайдын администрациясы, окутуучулары  жана 90дон ушуун студенттери  катышышты. 

Маданий иш-чара  “2023-2027-жылдарга  улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу боюнча  КРнын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы №13 токтомун ишке ашыруу максатында мугалимдердин тарбия жаатындагы чыгармачылыктарын жана  потенциалын жогорулатуу, студенттердин  арасында руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун сапатын мындан ары жакшыртуу, руханий жактан бай жана адеп-ахлактуу инсанды калыптандырууга, өнүктүрүүгө шарттарды түзүү максатын көздөдү.

Майлуу-Суу шаарынын аялдар кеңешинин төрайымы, КРнын ардактуу айымы, эмгек сиңирген мугалим  Умарова М.К өз сөзүндө .кыргыз эли  башка элдерден  маданий мурасы жана өзүнө гана тиешелүү каада-салты менен айырмалаарына, ата-бабаларыбыз илгертен өзүнүн турмуштук түшүнүктөрүн, дүйнө таанымын билдирген элдик каада-салттарды, үрп-адат, ырым-жырымдары бар экендигине  токтолду. Андан ары көз карандысыз мамлекетте жашап жаткан ар бир кыргыз атуулу өз элинин тарыхын, маданиятын билип, үйрөнүп, улутунун бай маданий мурастарын сыймыктануу менен жаш муундарга калтырып, сактап калуусу зарыл экендигин баса белгиледи.  Ал  эми  Майлуу-Суу шаарынын аялдар кеңешинин мүчөсү Жанышова Р.С. бүгүнкү күндө кыргыз элинин улуттук  маданиятын анын ичинде каада-салттарды өзүндө сактап келген «Манас» баш болгон элдик оозеки чыгармачылыгыбызда да  каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдар жөн жерден пайда болбогондугун айтты. Кандай гана эл болбосун анын каада-салты, үрп-адаттары коомдук жана үй-бүлөлүк мамилелердин пайда болуп, өнүгүшүнөн, адам баласы өзүн-өзү таанып, айлана-чөйрөсүн курчап турган дүйнөнү аңдап, жашоодогу кайгы жана кубанычты түшүнө баштагандан тартып пайда болоору жөнүндө  сөз козголду.  

Майлуу-Суу шаарынын баш имам хадиби Эркинбеков А. ажы үй-бүлө жөнүндө, андагы мамилелер жөнүндө элибиздин байыртан бери келе жаткан көптөгөн каада-салттары, үрп-адаттары жана жөрөлгөлөрүнө токтолуп, ар бир жөрөлгөлөргө каада — салттарга кеңир токтолду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *