Центрально-Азиатский Колледж Новости Борбордук Азия колледжинде «Балдарды коргоо жана коопсуздук» аттуу темада тегерек столу өткөрүлдү (11.10.2024)

Борбордук Азия колледжинде «Балдарды коргоо жана коопсуздук» аттуу темада тегерек столу өткөрүлдү (11.10.2024)

Борбордук Азия колледжинде «Балдарды коргоо жана коопсуздук» аттуу темада тегерек столу өткөрүлдү (11.10.2024) post thumbnail image

2024-жылдын 11-октябрында Борбордук Азия колледжинде «Балдарды коргоо жана коопсуздук» аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарада Майлуу-Суу
шаардык укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышып, жаш өспүрүмдөр
арасындагы укук бузуулар, кылмыштар жана коомдогу терс көрүнүштөр тууралуу сөз кылышты. 

Тегерек столго Майлуу-Суу шаарынын Ички иштер бѳлүмүнүн Жаш өспүрүм балдар менен иштөө боюнча тескөөчүлөрү, миллициянын кенже лейтенанттары Маматов Адилет Максатбекович жана Маматов Абибилла Махамадалиевич катышышты. Тегерек столдун негизги темасы жаштардын катышуусунда жол эрежелерин бузуулардын натыйжасында жол кырсыктарынын өсүп жаткандыгы болду. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери жаштарды коопсуздук, мыйзамдуулук жана жоопкерчилик боюнча маалыматтандырып, жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн туура жүрүм-турумду калыптандыруу маанилүүлүгүн белгилешти. 

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар актуалдуу маселелерди талкуулап, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын укуктарын коргоо жана коомдогу жат көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн ар тараптуу чараларды кабыл алуу зарылдыгы боюнча пикир алышышты. 

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Баткен коогалаңына катышкан жоокерлердин эрдиги түбөлүк биздин эсибизде (18.09.2025).Баткен коогалаңына катышкан жоокерлердин эрдиги түбөлүк биздин эсибизде (18.09.2025).

2025-жылдын 18-сентябрында Борбордук Азия колледжинин 2-курсунун 21/22П “Укук таануу” тайпасынын студенттери, ошондой эле окуу жайдын директору А.Т. Агабеков жана “Укук таануу” дисциплинасы боюнча окутуучусу М.С. Мадиев Баткен окуяларында курман болгон

Центрально-Азиатский колледж поздравил учителей школ города с днем учителя (03.10.2024)Центрально-Азиатский колледж поздравил учителей школ города с днем учителя (03.10.2024)

3 октября 2024 года директор Центрально-Азиатского колледжа А.Т. Агабеков и весь преподавательский состав приняли участие в городском торжественном мероприятии, посвящённом Дню работника образования Кыргызской Республики. Это мероприятие было организовано Городским

«АНГЛИС ТИЛИ — ЭЛ АРАЛЫК БААРЛАШУУНУН ТИЛИ» (29.02.2024)«АНГЛИС ТИЛИ — ЭЛ АРАЛЫК БААРЛАШУУНУН ТИЛИ» (29.02.2024)

2024 – жылдын 29 – февралында  БАКтын Англис тили сабагынын  окутуучусу Каленов К.К. 11-4 (11ПНК,11ФК,11ПД, 11ИЯ) тайпаларына “Предлоги”,  “ Оборот. There is … There are” – деген темада ачык саат