Бүгүн, 3-мартта, Борбордук Азия колледжинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгына арналган тегерек стол өткөрүлдү. Бул иш-чара студенттерге мекенчилдик духту тартуулоо, Кыргызстандын мамлекеттик символдорунун маанисин терең түшүндүрүү жана аларга болгон сый-урматты арттыруу максатында уюштурулду. Жыйынга колледждин окутуучулары, студенттери жана чакырылган коноктор катышып, кыргыз туусунун тарыхы жана анын мааниси тууралуу кеңири пикир алышты.
Иш-чара жүрүшүндө 3- курсундагы 31/32П «Укук таануу» тайпасынын студенттери Нуриет Орозалиев жана Арууке Эргешева өз докладдарын окушуп атайын даярдалган видео роликтерин көрсөтүштү.
Борбордук Азия колледжи мекенчилдик багытында иш-чараларды мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүүнү жана студенттердин билим берүү тармагында гана эмес, руханий жактан да өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүнү максат кылууда.