Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

Улут болсом-тилим менен улутмун(20.09.2023)

Мындан туура 34 жыл мурун тактап айтканда 1989-жылдын 23-сентярында Кыргыз ССРнин Жогорку Совети «Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынында  жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тилдеп жарыялаганган.

Кыргыз тилине  мамлекеттик тил макамынын берилиши адилеттүүлүктү калыбына келтирүугө ошону менен бирге коомдук  руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон. Мына ошол күндөн бери, 23-сентябрь- кыргыз тил майрамы катары  белгиленип келет.

2023-жылдын 20-сентябрында Борбордук Азия колледжинде Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Эгемназова Г.Ж. тарабынан уюштурулган  » Кыргыз тили-кылымдарды карыткан, Эч ким аны өчүрө албайт-тарыхтан» аттуу конференциясы өткөрүлдү.

Конференциясынын катышуучулары Майлуу-Суу шаардык Ички иштер бөлүмүнүн жана Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын тиешелүү адистеринин  катышуусунда өттү, ошондой эле конференция концерттик программа менен коштолду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *