Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

«Кыргыз барда Чынгыз жашайт түбөлүк» (07.12.2023)

2023-жылдын  7-декабрында  Кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына жана “Кыргыз тили жана Ч. Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында  “Кыргыз барда Чынгыз жашайт түбөлүк” аттуу темадагы конференция  Майлуу – Суу шаардык  маданият үйүндө шаардык деңгээлде  уюштурулду.

Конференцияга жалпысынан үч жүзгө чукул Майлуу-Суу шаарынын жетекчилиги, мектептердин директорлору, окуучулар жана студенттер катышышты.

Атайын чакырылган коноктор үчүн  Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын типтүү образдары маданият үйүнүн экинчи кабатына көтөрүлгөн тепкичтерге даярдалып коюлду.

 Конференцияга  Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясы  да чакырылып,  программага киргизилип, жаңылыктардан көрсөтүлдү.

     Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган конференцияга  Майлуу-Суу шаарынын мэринин  орун басары  Масурова Чинара Садыковна, Майлуу-Суу шаардык сотунун судьясы Турмаматов Муратали Курсаналиевич, Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги  Сабырканов  Талантбек Абылкасымович,  Токтомаматов  Кантөрө Шарипович   атындагы  Эл аралык университетинин профессору,  филология илиминин кандидаты, Пайзуллаева Курбанжан Убайдуллаевна, Коомчулук менен байланыш боюнча кадрларды жана эмгек мамилелердин  башчысы  Арзыкулова Авазхан Турсунбаевна,  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин алдындагы Майлуу – Суу колледжинин  усулкана башчысы Тойчубекова  Гулзада Жолчубековна,  Майлуу-Суу шаарындагы       мектептердин директорлору,   БАКтын Шамалды-Сай бөлүмүнүн  Билим берүүнүн мыктысы, тарых сабагынын  мугалими,  жергиликтүү  кеңештин  депутаты Чаргынова  Сабиракан  Туралыевналар залкар жазуучунун чыгармалары  аң-сезимибизди руханий асылдуулукка сугарып, дүйнөлүк цивилизациянын маданий чөйрөсүн байытууга зор салымын кошкон улуу инсан жана ааламдык ойчул деген ойлорун жана  куттуктоо сөздөрүн айтышып,  докладдарын окушту.

№ 8 жалпы билим берүү орто мектебинин мугалими Ахмедалиева Гулбара Айдаровнанын жетекчилиги астында 8-класстын окуучулары  “Саманчынын жолу” повестинен “Майсалбектин катын”  аткарышып, көрүүчүлөрдүн купулана толушту.

Ал эми  21/22 БД тайпасынын студенттери  Ч. Айтматовдун “Саманчынын жолу”  повестине жазылган музыканын коштоосунда  бий  бийлешти.

Башталгыч класстарда окутуу адистигинин 31 ПНК тайпасынын студенттери “ Манас” эпосунан үзүндү  аткарышты.

Студенттер Айтматовдук алп жана ажайып ааламдан алыс калбастан, жазуучунун чыгармаларынан; Укук таануу адистигинин 21П тайпасынын студенттери “Биринчи мугалим” повестинен, ал эми Банк иши адистигинин  21БД тайпасынын студенттери “Эрте келген турналар”  повестинен үзүндү аткарышып,  атайын чакырылган коноктор тарабынан жылуу кбыл алынды.

Конференциянын акырында элибиздин улуу руханий таянычы болгон Чыңгыз Айтматовго биз ар-дайым ыраазыбыз. » Биз, ар бирибиз, Айтматовдун чыгармалары менен жан дүйнөбүздү тазартып, ар  бир чыгармасын сүйүп окуйлу деген жыйынтык сөздөр менен конференция жыйынтыкталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *