Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

КОНФЕРЕНЦИЯ — кыймылга келип, өз ишимди жаңылайм (11.12.2023)

2023-жылдын 11-декабрында К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин чоң актылык залында улуу жазуучу,  коомдук ишмер Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Ч.Айтматовдун ааламы  учурдун көзү менен” аттуу студенттердин эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

Конференцияны К.Ш.Токтомаматов атындагы ЭАУнун директору, Э.И.Д., профессор Кантөрөева Айжамал Кантөрөевна куттуктоо сөзүн менен башталды.

Аталган конференцияга Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунун   студенттери, Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун студенттери,  Б.Осмонов атындагы Кочкор Ата колледжинин студенттери менен бирге  Борбордук Азия колледжинин 2-курсунун 21/22 П тайпасынын студенти Газиева Алина, Борбуева Айбике, 21БД тайпасынын студенти Орозалиев Ооматбек, 21ПНК тайпасынын студенти Намазбекова Мирандалар катышып келишти.

Конференциянын секциялык иштерине 21ПНК тайпасынын студенти Намазбекова Миранда “Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсү” аттуу темада докладын окуду. Андан кийин БАКтын студенттери  К.Ш.Токтомаматов атындагы ЭАУнун  алдындагы ГЭКнин Укук таануу адистигинин студенттери менен жолугушуп, учурдагы билим сапаты жөнүндө маектешти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *