Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

Дуалдык окутуунун өзгөчөлүктөрү (23.11.2023)

БАКта билим берүү тармагындагы санариптештирүү жана инфраструктураны жакшыртуу жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүү камсыз кылуу максатында Башталгыч класстарда окутуу адистигинин 2 курсунун  21ПНК, 22ПНК, 21/22 ИЯ, 21/22 ФК  тайпаларынын студентери ноябрь айынан баштап,  Дуалдык окутуу системасына өтүштү.  

Студенттер окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу  жана окутуунун инновациялык  усулдарын колдонуу максатында Майлуу-Суу шаарындагы мектептерге,  бала бакчаларга барышты.

Студенттер  мектепте болгон күнү  сабактын уюштурулушуна (окуучулардын сабакка көңүл буруусу, окуучуларды сабакка чакыруусу), сабакты актуалдаштыруунун сапатына  (берилген суроолордун эффективдүүлүгү, окуучулардын өз алдынча иштөөсү ой жүгүртүүлөрүндөгү жана эске тутуусундагы активдүү  иш-аракеттер), сабакты окутуунун усулдарына  көңүл бурушту.

Ал эми сабак учурунда  мугалимдин окуу процессин алып баруусу, сүйлөө маданиятна, мугалимдин сырткы көрүнүшүнө байкоо жүргүзүшүп, мугалимдин убакытты туура пайдалана билүүлөрүнө ынтызарлык менен көнүл бурушкан.

Мугалим тарабынан сабактын максатына жетүүсү, сабактын планынын аткарылышы студенттерге  кызыктыруу материал  болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *