Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

«Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөндүгүнө 100 жыл» (16.02.2024)

2024-жылдын  16-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин №270- Жарлыгына ылайык  Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата  “Кыргыз тили жана адабияты” сабагынын окутуучусу Б.А.Жолборсованын жетекчилигинде “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин 3-курсундагы  31ПНК, 32ПНК тайпаларынын студенттери “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл” аттуу темада студенттик-практикалык конференциясын уюштуруп, өткөрүштү. Жалпысынан конференцияга 87 студент жана 12 окутуучу катышышты. Конференцияда Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөнүнүн 100 жылдык мааракесине арналган 12 доклад, 2  видеоролиги жана презентациялары көрсөтүлдү.  

«Тарыхты билмейинче, келечекти көрө билүү мүмкүн эмес”  дегендей эртеңки жаркын келечегибиз үчүн ар бир кыргыз жараны өз тарых-таржымалын так билип, ата-бабаларыбыз түптөп кеткен мамлекетибизди көздүн карегиндей сактоо ар бир атуулдун негизги милдети экендигин конференцияда баса белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *