Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

«Эне тил тагдыры — эл тагдыры» (19.02.2024)

2024-жылдын 11 – февралында улуттардын эне тилин сактоо жана коргоо – азыркы мезгилдин актуалдуу көйгөйү экендигин жана Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу максатында Компьютердик системалар жана комплекстер адистигинин 3-курсунун 31/32 КС тайпасынын студенттери “Адамдын эне тили анын жан тамыры” аттуу темада өзбек, кыргыз, орус, түркмөн, англис, кытай тилдеринде атайын чакан видеороликтерди  даярдашты.

Видеороликтер окуу жайдын 1-2-кабатындагы сыналгыдан көрсөтүлдү жана социалдык тармактарга жүктөлдү.

2024-жылдын 17-февралында Кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу Эгемназарова Г.Ж. улуттук  тилдин  түбөлүктүүлүгүн көздүн карегиндей сактоо  максатында Башталгыч класстарда окутуу адистигинин 2-курсунун 21ПНК, 22ПНК тайпаларынын студенттерине  “Эл дөөлөтү эне тилинде” аттуу темада тарбиялык саат өткөрдү.

Анда,  студенттер кыргызстанда жашаган бардык улуттардын эне тилинин улуулугун даңазалашып, кыргыз, өзбек, казак, түрк, орус, кытай элдеринин улуттук кийимдерин кийишип, улуттук ырларын ырдап, бийлешти. Окутуучу сабактын акырында ар бир улуттун  тили өзүнчө кайталангыс улуу мурас, интеллектуалдык байлык экендиги жөнүндөгү ойлорун айтып, сабакты жыйынтыктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *