Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

«Тил — элдин эң башкы маданияты» (12.02.2024)

2024-жылдын 12-февралында БАКтын бардык адистигинин 1-курсундагы студенттерине   “Тил — элдин эң башкы маданияты”  аттуу  темада  мыкты дилбаян сынагы уюштурулду. Жалпысынан сынакка 123 студент катышышты. Өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгында “Эӊ мыкты дилбаян” наамына 11БУ тайпасынын студенти Т. Исмаиловдун, 11ПД тайпасынын студенти Б. Кайбалиевдин жана 11ПНК тайпасынын студенти С. Турдалиеванын  дилбаяндары табылды. Студенттер жазган дилбаяндарында Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, өз эли-жерин, эне тилин  урматтоо  жөнүндөгү ой-пикирлерин кеңири жазышкан жана бүгүнкү күндөгү тилдин өнүгүүсүнүн жолдорун мыкты көрсөтө алышкан. Жеӊүүчүлөр окуу жайдын атайын Дипломдору менен сыйланышты. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *