2024-жылдын 5-мартында БАКтын 2-курсунун Укук таануу адистигинин 21/22 П тайпасына “Улут жүзү ак калпак “ аттуу темада тарбиялык саат өткөрүлдү. Анда кыргыз элинин сыймыгы болгон ак калпактын келип чыгуу тарыхы, түрлөрү анын жасалышы жөнүндө маалымат берилди. Студенттер калпактын азыркы учурдагы баалулуугу, кандай иш-чараларда колдонулушу, жаш курагына карата түрдүү калпактарды кийүүсү жөнүндө өздөрүнүн ойлорун айтышты.
![](https://bak.kg/wp-content/uploads/2024/03/photo_1_2024-03-05_16-02-59-1024x630.jpg)
![](https://bak.kg/wp-content/uploads/2024/03/photo_2024-03-05_13-15-40-768x1024.jpg)
Ак калпак байыртадан келген кыргыз мырзаларынын улуттук баш кийими, ата-бабалардан келе жаткан мурасы болуп саналып, өзүнө терең философияны камтыгандыгы, формасы жөнүндө докладдар окулду. Оймо-чиймелери ар түрдүү болуп, кыргыздын каада-салтынын баяндалышы, калпактын ардактуу, кадырлуу адамдарга белекке берилиши жөнүндө чакан видеороликтер көрсөтүлдү. Тарбиялык саат учурунда “Ак калпак Ала-Тоонун символу” аттуу темада видеоролик коюлду. Студенттер өздөрүнүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
![](https://bak.kg/wp-content/uploads/2024/03/photo_2_2024-03-05_16-02-59-1024x578.jpg)