Центрально-Азиатский Колледж

Центрально-Азиатский Колледж

Ebilim

БАКтын мыкты студенттеринин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолугушууда (20.10.2023)

2023-жылдын 20-октябрда Борбордук Азия колледжинин студенттери “Ички академиялык мобилдүүлүктүн” алкагында Бишкек шаарындагы орто кесиптик окуу жайларына окууга келген  мезгилде Жогорку Кеңештин имаратында болушуп,Жогорку Кеңештин депутаттары Суравалдиева Эльвира Жыргалбековна, Конститутциялык мыйзамдар боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Мамасыдыков Замирбек Дуйшалыевич жана Жогорку кеңештин депутаты Алимжанова Нилуфар Якубжановна,  Бюджет жана финансы боюнча комитетининтөрагасы  Токтошев Эмиль Токтакунович, Эл аралык иштер, коопсуздукту коргоо жана миграция боюнча Комитеттин төрагасы Примов Улан Бердибаевичтер менен жолугушту.

Студенттер Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынынын жүрүшүнө да күбө болушту.

Жогорку кеңештин депутаты Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна  жана Конститутциялык мыйзамдар боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Мамасыдыков Замирбек Дуйшалыевич окуу жайдын студенттерине билим берүү тармагындагы  орчундуу маселелерге токтолушуп,  дипломатиялык жана депутаттык  иш-тажрыйбалары менен  ой бөлүштү.

Жолугушуунун аягында депутаттар тарабынан студенттерге жылуу сөздөр жана  каалоо-тилектер айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *