Центрально-Азиатский Колледж Новости «Эне тил тагдыры — эл тагдыры» (19.02.2024)

«Эне тил тагдыры — эл тагдыры» (19.02.2024)

«Эне тил тагдыры — эл тагдыры» (19.02.2024) post thumbnail image

2024-жылдын 11 – февралында улуттардын эне тилин сактоо жана коргоо – азыркы мезгилдин актуалдуу көйгөйү экендигин жана Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу максатында Компьютердик системалар жана комплекстер адистигинин 3-курсунун 31/32 КС тайпасынын студенттери “Адамдын эне тили анын жан тамыры” аттуу темада өзбек, кыргыз, орус, түркмөн, англис, кытай тилдеринде атайын чакан видеороликтерди  даярдашты.

Видеороликтер окуу жайдын 1-2-кабатындагы сыналгыдан көрсөтүлдү жана социалдык тармактарга жүктөлдү.

2024-жылдын 17-февралында Кыргыз тили жана адабияты сабагынын окутуучусу Эгемназарова Г.Ж. улуттук  тилдин  түбөлүктүүлүгүн көздүн карегиндей сактоо  максатында Башталгыч класстарда окутуу адистигинин 2-курсунун 21ПНК, 22ПНК тайпаларынын студенттерине  “Эл дөөлөтү эне тилинде” аттуу темада тарбиялык саат өткөрдү.

Анда,  студенттер кыргызстанда жашаган бардык улуттардын эне тилинин улуулугун даңазалашып, кыргыз, өзбек, казак, түрк, орус, кытай элдеринин улуттук кийимдерин кийишип, улуттук ырларын ырдап, бийлешти. Окутуучу сабактын акырында ар бир улуттун  тили өзүнчө кайталангыс улуу мурас, интеллектуалдык байлык экендиги жөнүндөгү ойлорун айтып, сабакты жыйынтыктады.

Оставить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Related Post

Борбордук Азия колледжинин базасында шаардык Прокуратурасы жана Салык кызматы Жеке ишкерлери менен чогулушун өткөрдү (27.09.2024)Борбордук Азия колледжинин базасында шаардык Прокуратурасы жана Салык кызматы Жеке ишкерлери менен чогулушун өткөрдү (27.09.2024)

2024- жылдын 27- сентябрьнда Борбордук Азия колледжин базасында Майлуу-Суу шаардык Прокуратурасы жана Салык кызматы жеке ишкерлери менен атайын чогулушун өткөрүштү. Чогулушту Майлуу-Суу шаарынын прокурору Асакеев Э. Э. алып барды.  Чогулушта

Кереметтүү Талас жергесине саякат 09.09.2023Кереметтүү Талас жергесине саякат 09.09.2023

Борбордук Азия колледжинин студенттеринин арасында патриоттук аң сезимин күчалтуу жана этностор аралык ынтымакты чыңдоо максатында Талас облусунда жайгашкан Манас Ордо, Манас Эпосунун  тарыхый музей комплекстерине экскурциялык сапар уюштурулду. Жалпысынан 100-студент,